БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте эки курулуш компанияга айып пул салынды

Бишкекте эки курулуш компанияга айып пул салынды

Бишкек муниципалдык инспекциясы тараткан сүрөт

Компанияларга курулуш материалдарынын калдыктарын туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 46 миң сом айып салынды. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалдык инспекциясынан билдиришти.

Борбор калаадагы Октябрь районунун Сухэ-Батор көчөсүндө рейд жүргүзүлүп, курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн аймагы текшерилген. Анда туура эмес жерге курулуш калдыктарын ыргыткандыгы үчүн 2 компаниянын ар бирине 23 миң сомдон айып салынды. Алар "Бурана Гранд" жана "НБК" ЖЧКлары.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы көрктөндүрүү эрежелерин бузган учурлар аныкталса айып пул салынарын эскертет.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей