БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкек: KFC тамактануучу жайында ызы-чуу чыгаргандар кармалды

Бишкек: KFC тамактануучу жайында ызы-чуу чыгаргандар кармалды

Сүрөт: ИИМ

18-19-октябрь күндөрү Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун KFC тез тамактануучу жайында бейбаштык кылды дээлген эки жаран кармалды. Бул тууралуу 21-октябрда «»Т-Медиага« Ички иштер министрлиги билдирди.»

Окуяга байланыштуу шектүү катары төрт жаран кармалып, тергөө иштери башталган.

“Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында 24, 26 жана 29 жаштагы жарандар кармалды. Шектүүлөр Бишке шаардык милициясы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен бирге Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилди. Учурда териштирүү иштери башталган”.

Буга чейин социалдык тармактарда топ балдар Бишкектеги KFC тез тамактануучу жайына кирип барып, бейбаштык кылышкан видео тараган. Тасмада алардын колунан Палестинанын желегин, «Бойкот» деп жазылган плакаттарды көрүүгө болот. Шектүүлөр тамактануучу жайдагы күзөт кызматкерине баш ийбей, кыйкырып, айнектерге кетчуп чачышкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 353 статей