БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионат өтүүдө

Бишкекте көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионат өтүүдө

Көк бөрү оюну боюнча райондор аралык республикалык чемпионаты. 17.02.2024

Бишкектин “Ак-Кула” ат майдаңында көк бөрү оюну боюнча райондор аралык республикалык чемпионаты өтүүдө. Ага ар облустан утуп чыккан райондук командалар жана Бишкек, Ош шаарларынын курама топтору катышууда.  

Командалар төрт тайпага бөлүндү.  "А" тайпасында Бишкек шаарынан “Четинди”, Таластын “Талас району”,  Ысык-Көл облусунан “Ак-Суу району” командалары ойнойт.

"B" тайпасында Ош шаары, Нарын обулусунан “Ак-Талаа району”, Чүйдүн “Сокулук району” командалары ойнойт.

"C" тайпасында Жалал-Абаддын “Сузак району”, Баткен облусунан “Лейлек району”, Оштун Кара-Кулжа районунан келген командалар беттешет.

Чемпионат 17-22-февралга чейин болот. Иш-чара спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Көк бөрү федерациясы тарабынан 23-февраль “Ата-мекенди коргоочулар” күнүнө карата уюштурулган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей