БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жыйыны өтүп жатат

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жыйыны өтүп жатат

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

24-майда президент Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров коопсуздук тармагында терроризм жана экстремизм эң курч көйгөй экенин белгиледи. Ал терроризмди анын бардык көрүнүштөрүндө чечкиндүү түрдө айыптай турганын айткан.

"Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү терроризм коркунучу менен жалгыз күрөшө албайт. Акыркы убакта жаңы террористтик тобокелдиктер жана коркунучтар пайда болгонун, эң чоң коркунуч кибер кылмыштуулук жана кибертерроризм экенин белгилей кетүү керек. Бул контекстте менин кесиптештерим менен биргеликте 2022-жылдын октябрында Астанада өткөн КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында кол коюлган 2023-2025-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө кызматташуу программасы маанилүү ролду ойнойт, ал абдан керектүү жана актуалдуу болуп саналат. Мындан тышкары, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программасы кабыл алынган", - деп айткан Жапаров. 

Ошондой эле президент 22-мартта Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы трагедиялуу окуя мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу көрсөткөндүгүн белгилеген.  

Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров Кеңештин 54-отурумунун жыйынтыгы биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана тереңдетүү үчүн зарыл шарттарды түзөөрүнө ишеним билдирген.

Бүгүн, 24-майда Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин 54-жыйыны өтүүдө. Анда эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча сунуштар жана демилгелер, бул жааттагы 2023-жылдагы аткарылган иштер талкууланат.

Автор: Осмонова Айдана > 614 статей