БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте автобус менен троллейбуска жол акы кымбаттайт

Бишкекте автобус менен троллейбуска жол акы кымбаттайт

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкек шаардык кеңеши 27-декабрдагы отурумунда коомдук транспортко жол кирени кымбаттатуу боюнча токтомду колдоду. Жаңы тариф токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Документке ылайык, накталай төлөөдө жол акы 20 сом болот. Ал эми "Тулпар" картасы менен 17 сом төлөнөт. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө, жол киренин баасы 11 сом бойдон калат. Анда өздүк наркты жабуу үчүн аталган компания 6 сомду кэшбек менен, 3 сомду мэрия төлөмөй болду. 

Учурда борбор калаада кичи автобустардагы жол кире 15 сом. Автобус, троллейбуста 11 сом. Буга чейин муниципалдык автобус, троллейбуста жол кире накталай төлөнсө, 25 сомго көтөрүү сунушу берилип, ал ишке ашпай калган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей