БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкекте медиа жана маалыматтык сабаттуулукту талкуулаган иш-чара болуп өттү

Бишкекте медиа жана маалыматтык сабаттуулукту талкуулаган иш-чара болуп өттү

Сүрөт: Т-Медиа

Улуттук адабият күнүнө карата Бишкекте 12-декабрда медиа жана маалыматтык сабаттуулук стратегиясын талкуулоого арналган конференция болуп өттү.

Иш чарага мамлекеттик органдар, медиа адистер жана жарандык коом өкүлдөрү катышып, дезинформацияга каршы күрөшүү жана медиа сабаттуулукту илгерилетүү жаатында кызматташууга даяр экендигин белгилешти.

Ошондой эле конференцияда "Тынчтык сүйлөшүүлөрү" аттуу демилгелердин презентациясы болуп өттү. Катышуучулар өлкөдө санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүү үчүн институционалдык жана адамдык ресурстарды бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

ЮНЕСКО жана БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанда "Социалдык биримдик жаатында улуттук өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун потенциалын бекемдөө" долбоорун ишке ашырууда. Анын алкагында медиа сабаттуулукка, социалдык диалогго байланыштуу муктаждыктарды баалоо жүргүзүлүп, жергиликтүү жана улуттук деңгээлде сунуштар даярдалган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала