БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте мектептер менен бала бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү

Бишкекте мектептер менен бала бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү

Сүрөт интернеттен алынды

Билим берүү министрлигинин чечими менен Бишкек шаарындагы мектептер менен бала бакчалар 6-февралга чейин онлайн окуутууга өткөрүлдү. Буга калаада ысык суу берүүдө чектөө киргизилгени себеп болду. 

Бүгүн, 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болду. Энергетика министрлиги абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады. Ушу тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүп жатат.

2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир нече беренелер менен кылмыш иштери козголгон.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей