БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте окуучу кызды сүзүп кеткен деп шектелген айдоочу эки айга камалды

Бишкекте окуучу кызды сүзүп кеткен деп шектелген айдоочу эки айга камалды

Сүрөт: Жол кайгуул милициясы/ 22.02.2024

Бишкекте он жаштагы кызды сүзүп кеткен деп шек саналган оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу эки айга камалды. Бул тууралуу 27-августа Жол кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, Свердлов райондук соту айдоочуну тергөө абагына эки айга киргизүү боюнча чечим кабыл алган.

22-февралда окуучу кыз токтоп турган фуранын алдынан басып бара жатканда автоунаа ордунан жылып, кызды тебелеп кеткен. Тилекке каршы, өспүрүм жеринде каза болгон.

27 жаштагы айдоочу бир нече сааттан кийин Пригородное айылынан кармалып, унаасы айып аянтчасына киргизилген. Милициянын маалыматында, айдоочу ал кызды байкабай калганын айткан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей