БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте палестин элин колдогон акция өттү

Бишкекте палестин элин колдогон акция өттү

Сүрөт: Максат Боромбаев

Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясы болуп өттү.

 

Акцияга болжол менен 500гө жакын адам чогулган. Алар “Палестинага боштондук”, "Геноцидди  токтоткула" деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Акциянын уюштуруучулары жакында Палестинага алгачкы гуманитардык жардам жөнөтүлө тургандыгын да айтышты.

 

Палестиналыктарды колдоо акциясы буга чейин Бишкекте 21-октябрда да болгон. Анда катышуучулар Газа тилкесине гуманитардык жардам жөнөтүү демилгесин көтөрүшкөн.

 

Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги израил армиясынын аба соккуларынан мүрт кеткен 7 миңден ашуун адамдын аттары жазылган тизмени жарыялады.

 

ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.

 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-октябрда Израил менен Газа секторундагы топтордун кармашы курчуп кеткенине байланыштуу билдирүү таратып, эки тарапты ынтымакка келүүгө чакырган.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей