БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн прокурорлорунун жолугушуусу башталды

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн прокурорлорунун жолугушуусу башталды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

24-июлда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин прокурорлорунун жана түрк мамлекеттер уюмунун башкы прокурорлор Кеңешинин катчылыгы менен эки тараптуу жоолугушуулары башталды. 

"Т-Медианын" жеринде чагылдырып жүргөн кабарчысы билдиргендей, жолугушуулардын жүрүшүндө Кытай жана Азербайжандын Башкы прокуратуралары менен кызматташуу келишими жана программасы түзүлмөкчү. Ошондой эле Түркиянын Башкы прокуратурасы менен кийинки жылдарга карата иш план иштелип чыгат. Аталган документтер ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону бекемдөөгө, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы айтылды.

Эртең, 25-июлда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун

22-жыйыны жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы прокурорлор кенешинин үчүнчү отуруму башталат.

Автор: Т-Медиа > 352 статей