БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте "Тазалыктын" жетекчиси вице-мэр болду

Бишкекте "Тазалыктын" жетекчиси вице-мэр болду

Сүрөт интернеттен алынды

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды. Ал мэриянын турак жай-коммуналдык чарба тармагын карайт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди. 

Ал эми буга чейинки вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. 

Рамиз Алиев "Тазалыкты" 2022-жылдын декабрь айынан жетектей баштаган. Ага чейин ал Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Алиев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк иш жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы, "Локомотив" спорттук-эс алуу комплексинин директору кызматтарын да аркалаган.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей