БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте түнкү клубдардын бири убактылуу жабылды

Бишкекте түнкү клубдардын бири убактылуу жабылды

Сүрөт ИИМ маалымат кызматы

Бишкекте кардарларында синтетикалык баңгизат табылган түнкү клуб убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 6-майда билдирди. 

Милиция 4-майда түнкү клубдун конокторунан белгисиз түркүн түстөгү таблеткалар, белгисиз жыты жок суюк зат салынган бөтөлкөлөрдү тапкан. Ал жакка келгендер жогорку окуу жайларда окутуучу- ыктыярчы болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган.

Баңгизатын колдонгонго шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери наркология жана психиатрия борборунда медициналык текшерүүдөн өттү. Алар синтетикалык баңгизатын колдонгондорун айтышкан.

Министрлик кошумчалагандай, учурда клубдун иштөөсү токтотулуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен ээсине карата процессуалдык чечимдер кабыл алынат.
 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей