БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бишкекте троллейбус каттамдары токтотулду
Бишкек шаарында троллейбус каттамдары толугу менен токтотулду. Анын ордуна жаңы автобус линялары ишке киргизилет. Бирок кайсы күндөн тарта экени белгисиз болуп турат.
Бишкек мэриясынан "Т-Медиага" билдиришкендей, шаарда троллейбус каттамдары 4-ноябрдан тарта токтотулган. Мындай чечим Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган. Анткени масштабдуу иш-чараларды уюштурууда троллейбустар иштен чыгып, жол тыгыны жаралган учурлар буга чейин кездешкен. Ошондой эле шаар бийлиги Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен учурда эки троллейбус токтотуучу жайда (депо) электр кубаттоочу түзүлүштөрдү орнотуу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканын айтты.
Буга чейин троллейбустардын ордуна шаардыктардын кызматына эл аралык талаптарга жооп берген заманбап электробустар келери маалымдалган.
Мэрия калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштырып жатканы май айынын башында белгилүү болгон. Ал эми калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкекте каттамдан алынып жаткан троллейбустар аймактарга берилерин билдирген. #SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка экологиялык демилгелүү топтор буга каршы чыгып, коомдук транспорттун экологиялык түрүн сактап калууну талап кылып келишет. Алар бул тууралуу соңку ирет президент Садыр Жапаровго дагы кайрылуу жөнөтүшкөнү маалым болду.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаада 1200дөн ашык автобус 56 каттам боюнча иштейт. Муниципалдык автобустардын жүрүү аралыгы орто эсеп менен он мүнөттү түзөт. Буга чейин муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттамда эл ташып келген.
Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat