БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкекте жаңы жылдык балаты орнотула башталды

Бишкекте жаңы жылдык балаты орнотула башталды

Сүрөт: Т-Медиа

Борбордук Ала-Тоо аянтына өлкөнүн башкы балатысын орнотуу иштери башталды. Учурда темир каркасын коюлуп жатат.

Бишкек мэриясынан "Т-Медиага"  билдиришкендей, балатыны орнотуу иштери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан жүргүзүлүүдө. Андан соң «Бишкекжарык» кооздоп баштайт. 

Быйыл жаңы жылдык балаты жаңы фонтан комплексинин ортосуна орнотулуп жатат. Бийиктиги 32 метрди түзүп, диаметри 13 метр болот. Орнотуу иштери болжол менен 25 күнгө созулары айтылды.

Бишкек мэриясы былтыр борбордук аянтты жана 32 метрлик светодиоддук жарыкчалар менен жасалган чатыры бар жаңы жылдык балатыны кооздо үчүн 7,5 миллион сом  короткон. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 150 макала