БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте жүк ташыган унаалардын айдоочулары нааразычылыкка чыкты

Бишкекте жүк ташыган унаалардын айдоочулары нааразычылыкка чыкты

Сүрөт: Т- Медиа

11-апрелде Бишкектин четине оор жүк ташыган, автокрандар менен бетон куйган автоунаалардын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен жолдо жүрүү үчүн коюлган жүктүн салмагы боюнча тиешелүү токтомду өзгөртүүнү талап кылышууда.

"Биздин эки талабыбыз бар. Биринчиси, жүктүн салмагы боюнча тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүү. Биз ошол токтомго ылайык тогуз, сегиз гана тонна жүк салып калып атабыз. Азыр унаалардын баардыгы өзгөргөн. 12 өлчөмдөгү дөңгөлөктөр менен иштейт. Бул айдоочуларды дагы актабай калып жатат. Экинчиси, мэриянын 5-апрелде чыгарган токтому боюнча. Бизге бул аябай эле терс таасирин берүүдө. Биз кире албай калдык. Мындан улам өзгөртүү керек", -деди айдоочулардын бири Болот Баянов.

 

Чогулгандар Бишкек шаарынын мэриясынын оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүшүнө карата коюлган чектөөгө да нааразы экенин айтышты. Алар мындай чечим иш кылууга тоскоол болуп жатканын, ошондой эле быйыл бул чечим эрте кабыл алынганын билдиришти. Айдоочулар түнкүсүн шаар ичине кирип иш кылууга болбой тургандыгын дагы кошумчалашты. 

Нааразычылык акциясына болжол менен 300гө жакын унаалардын айдоочулары катышууда. Алар айдоочулардын 90%дан ашыгы унааларды банк аркылуу лизингге алганын, ал үчүн ай сайын насыя дагы төлөп келе жатканын айтышты. Мындан улам чогулгандар талаптар толугу менен аткарылганга чейин аталган жерден кетпей турганын билдиришти.

Эске салсак, 5-апрелден тарта мэрия оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүшүнө  1-октябрга чейин чектөө киргизген. Ал талапка ылайык, салмагы 18 тоннадан оор жүк ташуучу автоунаалардын эртең мененки саат жетиден, кечки тогузга чейин шаардагы муниципалдык жолдо жүрүшүнө тыюу салынган. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей