БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте жол кире кымбаттайбы? Мэриянын жообу

Бишкекте жол кире кымбаттайбы? Мэриянын жообу

Сүрөт: Т-Медиа

Бишкек мэриясы коомдук транспортко болгон бааны көтөрүүнү пландаган жок. Бул тууралуу  "Т-Медиага" мекемеден билдиришти.

Муниципалитет буга чейин вице-мэр Мирланбек Байгончоковдун Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында айткандары мэриянын позициясы эместигин билдирди. 

 "Бул Бишкек мэриясынын позициясы эмес, өзүн-өзү актоо мезгилин түшүндүрүү үчүн алдын-ала божомолдор болгон. Ошол эле учурда муниципалитет коомдук транспорттун тарифтерин көтөрүүнү пландаган жок. Мэрия ишкананын ишин туура башкарууга жана чыгымдарын оптималдаштырууга көбүрөөк көңүл бурат ", -деп айтылат маалыматта. 

23-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров мэрдин орун басары Мирланбек Байгончоковдон бир жаңы автобус канча убакытта өзүн актай аларын сураган.

Вице-мэр азыркы тарифте автобустар өзүн актабай турганын билдирип, ал үчүн жол кирени көтөрүү керектигин белгилеген. Эгер, тариф 25 сомдун деңгээлинде болсо, 8-10 жылдан кийин акталышы мүмкүн экенин айткан. Бирок мунун баары тетиктердин баалары өзгөрүүсүз, эгерде инфляция бирдей деңгээлде болсо, валютанын туруктуу курсу менен гана болорун кошумчалаган.

 

Учурда Бишкекте муниципалдык автобус жана троллейбустарда жүрүү акысы накталай төлөөдө 20 сом. Ал эми "Тулпар" картасы менен 17 сом. Бул тариф жаңы жылдан кийин киргизилген. Пенсионерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн акысыз. Мектеп окуучулары жана студенттер үчүн жеңилдетилген төлөм карталары бар.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей