БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданы кайрадан аукционго коюлду

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданы кайрадан аукционго коюлду

Сүрөт: Спутник Кыргызстан

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданы кайрадан аукционго коюлду. Мэрия биринчи конкурс арыздын жоктугуна байланыштуу өтпөй калганын билдирди.

Аталган ипподромдун мүлкү 33 лотко бөлүнгөн. Анын аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылган. 

Биринчи аукцион ушул жылдын 16-майын белгиленип, бирок арыз жоктугунан улам өткөн эмес. 

Ат майдан аукционго коюлгандан кийин социалдык тармак колдонуучулары ал жерди паркка айлантууну сунушташкан. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаада батирге муктаждар көп экенин, көп кабаттуу үйлөр түшкөнү туура болорун айткан. 

Ат майдандын аянты 45,73 гектар жерди түзөт. Көз карандысыз эксперттер ипподромго баалоо жүргүзүп, объекттин баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеп, ушул суммага аукционго коюлган.
Эске салсак, бул ипподром 1947-жылы салынган. Ал жакта ат оюндары уюштурулуп келген. 2017-жылы "Ак-Кула"ат майданы Бишкектин менчигине өтүп, 2020-жылы авариялык абалда деп табылган. Учурда Бишкектин четине жаңы ипподром салынууда.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей