БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкектеги башаламандык: 180 пакистандыкты Лахор шаарына атайын учак менен алып кетишти

Бишкектеги башаламандык: 180 пакистандыкты Лахор шаарына атайын учак менен алып кетишти

Сүрөт: PTV телеканалы

18-майда Пакистандын 180 жаранын салып, Бишкектен чыккан учак Лахор шаарына конду. Алардын ичинде 140 студент, калганы Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн пакистандыктар экенин Пакистандын Жарандык авиация агенттиги "Машаал" радиосуна билдиргенин "Азаттык" жазды. Келгендердин арасында Бишкектеги башаламандыкта жараат алгандары да бар.

Исламабаддын мамлекеттик PTV телеканалынын маалыматына караганда, келген жарандарды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви тосуп алган. Ал 19-майдан баштап Кыргызстандагы жарандарды алып келүү боюнча атайын каттамдар жүргүзүлөрүн айтканын жергиликтүү медиа кабарлады.

17-майда социалдык тармактарда Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан чет элдиктердин жатаканасынын жанына жүздөгөн киши топтолуп, "чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгон" деген маалыматтар тараган. Чогулгандар Кыргызстанга келген чет элдиктердин маселесин көтөргөн. Аларды милиция кызматкерлери курчап, 50дөй кишини кармап, кийин кайра кое берген. 18-майга оогон түнү чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.

Ички иштер министрлиги 18-майга караган түнү Бишкекте болгон толкундоолор эмнеден улам келип чыкканы боюнча маалымат таратты. Билдирүү мекеменин сайтына жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланды. Анда айтылгандай, 13-майда түнкү саат экилер чамасында белгисиз адамдар Чыгыш-5 кичи районундагы кафенин жанынан чет элдик студенттерди тосуп алып, тамеки сурап, кол көтөрүшкөн. Чет элдик студенттер Атай Огонбаев көчөсүндө жашаган жатаканага качып барышкан. Артынан кубалап баргандар жатаканагы кирип, чет элдик жарандарды уруп, буюм жана акчаларын тартып алышканы айтылат. Алар эшиктерди тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде чет элдик жарандар келгендерди кетирүүгө аракет кылып, ортодо мушташ чыккан.

Мушташ жатакананын короосунда болгон, жатаканага бастырып баргандар бир шеригин таштап качып кетишкен. Чет элдик студенттер тез жардам чакырып, таяк жеген жаран ооруканага жеткирилген. Ооруканага келгенде ал аты-жөнүн башкача атап, окуянын жагдайлары боюнча маалымат бербей, арыз да жазган эмес. Ал медициналык жардам алгандан кийин ооруканадан кетип калган.

Жатакананын короосунда болгон мушташ видеокамерага жазылып калган. Жатаканадагы мушташка байланыштуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында чет элдиктерге кол салган төрт адамдын экөө аныкталган. Алар менен мушташкан төрт чет өлкөлүк жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жатакананын короосунда болгон мушташтын видеосу 17-май күнү интернетке жүктөлүп, окуянын себептери айтылган эмес. Бул көрүнүш нааразычылыктарды жаратып, жаштардын көчөгө чыгышына себеп болгон. 18-майга караган түнү көчөгө чыккан 700гө жакын адам укук коргоо органдарынан 13-майдагы окуянын күнөөкөрлөрүнө чара көрүүнү талап кылышкан.Түнкүсүн кызыктар болгон тараптар кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып, жалган маалыматтарды таратышканы айтылат.

ИИМ "каза болгондор бар" деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 18-майга караган түнү окуяларда 29 адам жаракат алган.

Автор: Т-Медиа > 353 статей