БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бишкектеги жаңы автобекет 2025-жылы ишке берилет
Бишкектеги курулуп жаткан жаңы авто бекет 2025-жылдын май-июнь айларында ишке берилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал ошондой эле жаңы “Ош” базарын куруу иштери уланып жатканын, базардын курулушунда дренаждык система заманбап талаптарга ылайык болорун айткан.
Азыр автобекет Сокулук районундагы РИОМ автобазарынын жанында жайгашкан. Жаңы автобекеттин даярдыгы жок көчүрүлгөнү коомчулукта, Жогорку Кеңеште дагы сынга алынган. Ал эми Бишкек мэриясы аталган жер убактылуу гана экенин билдирген.
Бишкектеги Батыш автобекети 23-октябрдан тарта жабылган. Мындан улам Нарын жана Ысык-Көл облусуна каттамдар былтыр жаңы курулган Алма Ата 1\1 дарегиндеги “Бишкек автобекетинен” кете баштады. Ал эми калган аймактарга Сокулук районундагы бөлүнгөн жерден каттай турган болду. Буга чейин шаар бийлиги Батыш автобекети менен Ош базарын башка жакка көчүрүү менен тыгын көйгөйү чечиле турганын билдирген.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat