БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

7-орун. Бишкектин абасы кайрадан зыяндуу боло баштады

7-орун. Бишкектин абасы кайрадан зыяндуу боло баштады

Интернеттен алынды

Бишкек кайрадан абасы булганган шаарлардын катарына кире баштады. IQAir эл аралык индексинин  7-ноябрдагы көрсөткүчүнө  ылайык, Кыргызстандын борбор калаасы абасы таза эмес 44 өлкөнүн ичинен  7-орунга чыкты.

 

 

Бишкектин алдында Индиянын борбору Дели жана Пакистандын Лахор шаары “кооптуу” деген деңгээлде, ал эми Пакистандын Карачи, Индиянын Колката, Бангладештин Дакка шаарлары жана Өзбекстандын борбору Ташкент Бишкек сыяктуу “зыян” деген деңгээлде турат.

 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан биринчи себеп Жылуулук электр борборунун түтүнү, экинчиси шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, үчүнчүсү автоунаа экенин билдирген.

 

Бишкек шаары соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын катарына кирип жатат. Шаардын үстүн боз ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууга алынып келет.

 

Борбор калаага ЖЭБден жылуулук быйыл 31-октябрда бериле баштады.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей