БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкектин Административдик соту Эргешовдун арызын канааттандырды

Бишкектин Административдик соту Эргешовдун арызын канааттандырды

Сүрөт Бекмурза Эргешовдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды

27-апрелде Бишкек шаарынын Административдик соту БШКнын Ош округунан ат салышып жаткан Бекмурза Эргешовду шайлоодон четтеткен чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу "Т-Медиага" талапкердин ишенимдүү өкүлү Мелис Обозов билдирди. 

"Сот Бекмурза Эргешовдун Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган арызын карап, канааттардырды. БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапты", -деди ал.

Административдик соттун басма сөз кызматы да маалыматты "Т-Медиага" ырастады.

Боршайком 26-апрелде Бекмурза Эргешов менен Максатбек Маматкуловдун талапкер деген каттоосун жокко чыгарып, шайлоодон четтеткен. Анда мекеме Эргешов боюнча социалдык түйүндөргө чыккан видео иликтенгени, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин маалыматы угулганы, кызматкерлеринен түшүнүк кат алынганы, прокуратура бул боюнча кылмыш-процессуалдык жактан өз корутундусун берери, Боршайком конституциялык-укуктук жактан чечимин кабыл алууга укуктуу экенин белгилеген. Ал эми Маматкулов үгүт өнөктүгүн каржылоого байланыштуу мыйзам талаптарын бузганы аныкталганын маалымдаган.

24-апрель күнү эркин журналист Ыдырыс Исаков талапкер Бекмурза Эргешовдун штабында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жүргөнү тууралуу видео жарыялаган. Буга байланыштуу 25-апрелде Ош мэриясы айрым кызматкерлер иштен алынганын, кээ бирлерине кызматтан бошотуу сунушу жана эскертүү берилгенин кабарлаган.

28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Автор: Т-Медиа > 354 статей