БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: тик учак кырсыгынан бир адам каза болуп, он бир адам жабыркады

Бишкек: тик учак кырсыгынан бир адам каза болуп, он бир адам жабыркады

Сүрөт: "Спутник"

Бүгүн, 17-январда Бишкекте Коргоо министрлигинин Ми-8 тик учагы кырсыктады. Окуя Достук кичи районуна жакын "Фрунзе-1" авиабазасында болгонун "Т-Медиага" мекеменин басма сөз катчысы Римма Даниярова билдирди.

Кырсык окуу-машыгуу учурунда катталган. Бир адам каза болуп, он бир адам жабыркады. Жаракат алгандардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, экөөнүн абалы өтө оор экени айтылды. Ал эми калгандары орточо жаракат алган.

Коргоо министрлиги окуя боюнча кызматтык териштирүү башталганын кошумчалады. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 333 статей