БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жунушалиев орун басарынын кармалышы боюнча үн катты

Жунушалиев орун басарынын кармалышы боюнча үн катты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган орун басары Максат Сазыкулов тууралуу комментарий берди. Калаа башчысы Сазыкулов аким болуп турган учурдагы иштери боюнча шектелип жатканын 16-апрелде маалымат жыйынында билдирди.

"Укук коргоо органдарынын суроолору анын  (ред-Максат Сазыкулов аким болуп турган учурга туш келүүдө. Бул мен дайындалганга чейинки болгон иштер. Мунун баарына алдыда сот өзүнүн чеимин чыгарат. Ага чейин биз күтүшүбүз керек деп ойлойм",- деди Жунушалиев.

15-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген шек менен кармалганын билдирген. Ага шаардан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берген, аянтты көрктөндүрүүгө жумшалган каражатты ашыкча көрсөткөн деген айыптар коюлууда. Аны менен кошо дагы бир ишкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

47 жаштагы Сазыкулов Каржы министрлигинде, Мамлекеттик кызмат агенттигинде, өкмөттүк аппаратта иштеген. Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болгон. 2015-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун уюштурууну өнүктүрүү департаментинин башчысы болуп иштеген. Андан кийин Бишкек мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары болуп дайындалган.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей