БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов камалды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов камалды

Акылбек Адимов. Сүрөт: kaktus.media

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов 17-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди 20-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы «Т-Медиага» билдирди.

 

Айрым жергиликтүү басылмалар Акылбек Адимовду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери пара алууга шектеп, 17-октябрда кармашканын жазды. Андан соң Башкы прокуратура шектүүнү жоопко тартуу сунуштамасын Судьялар кеңешине жөнөтүп, алар 20-октябрда макулдук беришкен.

Kaktus.media басылмасы өздүк булагына таянып Адимов 1200 доллар пара алууга шектелип жатканын жазды.

Акылбек Адимов коомчулукка иликтөөчү журналист Болот Темировдун жана алдамчылыкка айыпталган жети баланын энеси боюнча ишти караган судья катары белгилүү. Ал былтыр 28-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировго баңгизатты мыйзамсыз сактоо боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Ошол эле маалда документтерди жасалмалоо (379-берененин 2-бөлүмү) боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жаза белгиленген эмес.

Райондук соттун өкүмүнө нааразы болгон прокуратура шаардык сотко кайрылган. 2022-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаардык соту прокуратуранын райсоттун чечимине аппеляциясын карап, Темировду Кыргызстандан чыгарууну токтом кылган. Сот чечими угузулары менен журналист дароо сот залынан күч менен чыгарылып, Москвага депортацияланган.

Автор: Т-Медиа > 352 статей