БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкектин мурдагы вице-мэри Сазыкулов тил кат менен бошотулду

Бишкектин мурдагы вице-мэри Сазыкулов тил кат менен бошотулду

Сүрөт: knews.kg

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Максат Сазыкулов туруктуу жашаган жеринен эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде абактан бошотулду. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 30-майда кабыл алганы 6-июнда белгилүү болду.

15-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Максат Сазыкулов "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген шек менен кармалганын билдирген. Ага шаардан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берген, аянтты көрктөндүрүүгө жумшалган каражатты ашыкча көрсөткөн деген айыптар коюлган. 

Кийин анын бөгөт чарасы тандалып, 11-майга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

47 жаштагы Сазыкулов Каржы министрлигинде, Мамлекеттик кызмат агенттигинде, өкмөттүк аппаратта иштеген. Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болгон. 2015-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун уюштурууну өнүктүрүү департаментинин башчысы болуп иштеген. Андан кийин Бишкек мэринин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча орун басары болуп дайындалган. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей