БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот блогер Эргешевди күнөлүү деп таап, 70 миң сом айыпка жыкты

Сот блогер Эргешевди күнөлүү  деп таап, 70 миң сом айыпка жыкты

Али Эргешовдун Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт

Жалал-Абад шаардык соту блогер Али Эргешевди Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул салды. Маалыматты "Т-Медиага" шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктап, чечим 24-майда чыкканын кошумчалады.

Ички иштер министрлиги ушул жылдын 13-февралында блогерди "Манас" аэропортунан милиция кызматкерлери адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаганын билдирген. Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 15-февралда үй камагына чыккан.

Эргешев Ютубдагы "Эл билсин" каналын иштетет жана бул долбоордун автору. Ал ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу элдин кайрылууларын чыгарат. Каналдын 130 миңге жакын катталуучусу бар.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей