БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты

УКМК тараткан сүрөт


Блогер  Жолболдуеванын бөгөт чарасын Жалал-Абад шаардык соту карап, 22-февралда үй камагына чыгарган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык сотунун пресс катчысы билдирди.

УКМК 9-февралда блогер Батмакан Жолболдуеваны опузалап акча талап кылууга шектүү катары кармаган. Жолболдуева Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тартып, аны соцтармакка жарыялаган. Кийин материалды өчүрүү үчүн 6- февралда 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланган.

УКМК буга чейин Батмакан Жолболдуеваны Аkipress маалымат агенттигинин Баткен облусундагы журналисти каза болгондон кийин да кармаган эле. Сөз Арзыгүл Галымбетова боюнча болуп жатат.

Галымбетованын сөөгү 2022-жылы 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Ошол күнү эсине келбей каза болгон. Бул окуя боюнча "Батма-Бат" ютуб-каналынын башчысы Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 127 ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү"), 190 ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу"), 379 ("Документтерди жасалмалоо") жана 280-беренелери ("Бейбаштык) менен төрт кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын май айында Баткен облустук соту Батмакан Жолболдуеваны Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште күнөөсү жок деп таап, актаган. Ал эми "Бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп табылган жана 50 миң сом айыпка жыгылган. "Документтерди жасалмалоо"менен эки жылга эркинен ажыратылган. Бирок 82-берене боюнча жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей