БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Блогер Батмакан Жолболдуева кармалды

Блогер Батмакан Жолболдуева кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети блогер Батмакан Жолболдуева опузалап акча талап кылууга шектелип кармалганын 9-февралда кабарлады. Маалыматка караганда ал Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткан.

"Андан кийин материалдык пайда алуу максатында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы өзүнүн Facebook баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген аталган коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери "калкалап" жатат деген таризде шилтеме калтырган. Андан соң блогер интернетке жүктөлгөн материалды өчүрүп салуу үчүн Санепиддин кызматкеринен 25 миң сом талап кылган", -деп айтылат билдирүүдө. 

Блогер 6-февралда 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланды.

УКМК буга чейин Батмакан Жолболдуева Интернетке терс материал жарыялап, анын айынан Аkipress маалымат агенттигинин Баткен облусундагы журналисти каза болгонун билдирди. Сөз Арзыгүл Галымбетова боюнча болуп жатат.

Галымбетованын сөөгү 2022-жылы 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Ошол күнү эсине келбей каза болгон. Бул окуя боюнча "Батма-Бат" ютуб-каналынын башчысы Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 127 ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү"), 190 ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу"), 379 ("Документтерди жасалмалоо") жана 280-беренелери ("Бейбаштык) менен төрт кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын май айында Баткен облустук соту Батмакан Жолболдуеваны Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште күнөөсү жок деп таап, актаган. Ал эми "Бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп табылган жана 50 миң сом айыпка жыгылган. "Документтерди жасалмалоо"менен эки жылга эркинен ажыратылган. Бирок 82-берене боюнча жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей