БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот блогер Улукбек Карыбек уулунун ишин кыскартты

Сот блогер Улукбек Карыбек уулунун ишин кыскартты

Сүрөт: "Т-Медиа"

Бүгүн, 25-январда Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун ишинде кылмыштын белгилери жок деген негиз менен ишти кыскартты. Ага прокурордун айыптоону кароодон баш тартканы негиз болгон.

Сотто акталганын Карыбек уулу өзү да "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Улукбек Карыбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Блогердин үстүнөн милицияга Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери арыз жазган. Ал белгисиз журналисттер төрөт үйүн уруксатсыз видеого тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.

Блогер 14-июлда Бишкекте кармалып Ош шаардык милициясына жеткирилген. Кийин ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынганы кабарланган. Андан соң шаардык сот блогерди эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.

Карыбек уулу мыйзам бузбаганын жана бейбаштык кылбаганын билдирген.

Блогер былтыр 12-июлда Ютуб-каналына "Ош облустук оңолбос төрөт үйү" деген видео жарыялаган. Анда бейтаптар дарыгерлер акча талап кылганы жөнүндө айтып берген. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей