БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Блогер Улукбек Карыбек уулунун соту 29-ноябрга жылдырылды

Блогер Улукбек Карыбек уулунун соту 29-ноябрга жылдырылды

Сүрөт: "Т-Медиа"

Блогер Улукбек Карыбек уулунун 24-ноябрдагы соту күбөлөрдүн келбегенине жана экинчи жабырлануучу тараптар бар деп табылганына байланыштуу 29-ноябрга калды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Ош шаардык соту билдирди.

 

Карыбек уулунун айтымында, мурдагы саламаттыкты сактоо министри төрөтканалардагы коррупциялык иштерди чагылдырууга атайын тоскоол болгон.  

"Төрт айдан ашык тергөө болду. Мен ишенем сотто биз толук түрдө акталабыз. Бизде тастыктоочу видеолорубуз бар. Мындайча айтканда алардын жаласын төгүндөйбүз. Бул деген ошол ооруканаларда өзгөчө төрөт үйлөрүндө кыз келиндердин ал жактагы көйгөйлөрүн, ал жактагы былык иштерди, паракорчулукту, мыйзамсыз аракеттерди чагылдырууга каршы сокку болуп жатат. Канчалаган кыз-келиндер, наристелер төрөттөн каза болуп жатат. Негизгиси ал жакта коррупция болуп жатат. Ошону көрсөткөнгө мурдагы саламаттыкты сактоо министирдин бизге карата атайын уюштурган жаласы болуп жатат да. Эми сот адилетүүлүгү, сот системасындагы ротациянын бүгүнкү жыйынтыгы ушул менен деле көрүнөт деп ойлойм", -дейт ал.

Буга чейин Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери блогерге чара көрүүнү өтүнүп Ош шаардык милициясына кайрылган. Ал белгисиз журналисттер төрөт үйүн уруксатсыз видеого тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген. 

Карыбек уулу 14-июлда Бишкекте кармалып Ош шаардык милициясына жеткирилген. Кийин ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынганы кабарланган. Андан соң шаардык сот блогерди эч жакка кетпөө кепилдиги менен бошотуу чечимин кабыл алган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей