БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Блогер Жекшеналиевге карата соттук өкүм 4-декабрда чыгышы мүмкүн

Блогер Жекшеналиевге карата соттук өкүм 4-декабрда чыгышы мүмкүн

Сүрөт: "Т-Медиа"

27-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин  иши каралды. Бирок отурумда жарыш сөздөр айтылып, соттук өкүм чыккан жок. Анын себебин судя башка отуруму бар экени менен түшүндүрүп, кийинки отурумду 4-октябрга жылдырды.

 

“Башка соттук процесстин убактышы башталып калгандыгына байланыштуу башка күнгө жылдырууга мажбурмун деп көрсөттү. Эми кийин соттук процессте көрөбүз”,- деп билдирди жактоочу Нурбек Сыдыков.

Мындан сырткары отурумда Ырыс Жекшеналиевдин  баш коргоо чарасынынын мөөнөтү 29-декабрга чейин узартылды. 

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы себеп болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет.

 

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей