БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Блогер Жекшеналиев соттон акталды

Блогер Жекшеналиев соттон акталды

Сүрөт: t-media

4-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевге карата соттук өкүм чыкты. Жыйынтыгында судья Мирбек Сатарбек уулу Жекшеналиевге карата козголгон бардык кылмыш ишти кыскарып, толук актады. 


"Биз ушундай эле чеим күткөнбүз. Апрель, июль айларында, анан бүгүнкү менен үч жолу акыркы сөз сүйлөдүм. Тилекке каршы, ушунча убакыт мени эч бир себепсиз, далилсиз, мыйзамсыз камакта кармап турушту. Бул үчүн эми шаардык сотко даттанабыз",- деп билдирди Жекшеналиев. 

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону "Полит Узник" баракчасына чыгарганы себеп болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Калайман башаламандык) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон. 

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет.
 

Автор: Т-Медиа > 352 статей