БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бокс боюнча Орусияда өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар 3 медаль жеңди

Бокс боюнча Орусияда өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар 3 медаль жеңди

Сүрөт: Интернеттен алынды

Кыргызстандык боксчулар Орусияда өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын, 1 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

"Өлкөнүн бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Зафарбек Камилов 51 кг салмакта, Мырзакир Кошалиев +92 кг,  жана Амантур Жумаев 54кг салмак чен бирдигинде күч сынашкан. Эл аралык турнир Комсомольск-на-Амуре шаарында өткөн."  

17-18 жаштагы спортчулар арасында мелдеш 20-февраль күнү башталып 24-февралда жыйынтыкталды.

Жаш спортчулар бокс боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Улан Төлөнбай уулу жана машыктыруучу Азиз Абаскановдун жетекчилиги менен барышкан.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей