БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасына жолдомо утту

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасына жолдомо утту

Сүрөт: ОшМу

Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасына жолдомо утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментти билдирди.

Спортчу 57 кг чейинки салмакта Бангкок шаарында өтүп жаткан лицензиялык мелдеште коло медалга ээ болду. Ал Италия, Мозамбик, Уругвай, Азербайжандын мушкерлерин жеңип жарым  финалга чыккан.

1/2 финалдык беттеште украиналык спортчуга жеңилип, ал эми коло медаль үчүн беттеште индиялык мушкерди жеңип жолдомого ээ болгон. Жалпы 57 кг чейинки салмакта үч жолдомо ойнотулган.

Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда 15  жолдомо болду. 

Эске салсак, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей