БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бостеридеги өлүм: сот төрт кишини 15 жылга эркинен ажыратты

Бостеридеги өлүм: сот төрт кишини 15 жылга эркинен ажыратты

Маркум Бекбол Аманкулов.

Ысык-Көл райондук соту Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө айыпталгандарга карата өкүм чыгарды.

Маалыматка караганда, райондук сот 5-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен төрт адамды (Б.Б.Т., Э.А.К., Ж.Р.К., А.У.А.) 15 жылдан абакка кести. Алардын жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан баштап эсептелет. Соттолгондордон жабырлануучуга 1 млн 180 миң сом өндүрүлдү.

23 жаштагы Бекбол Аманкулов 2023-жылдын 6-августунда Бостериде эс алып жүргөн кезде көл жээгинде каза болгон. Маркумдун туугандары ал ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусу менен байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан. 

Ошондой эле алар "ишти жакшы иликтебей жатат" деп милицияга нааразылыгын билдирген жана мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылышкан. Президент кийин  жеке көзөмөлүнө алганы маалым болгон.

Ички иштер министрлиги ишти иликтөө үчүн тергөө тобун түзүп, 14-августта Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектеп төрт адамды кармаган. 

Бул ишти жаап-жашырган деген шек менен беш милиция кызматкери кармалып, "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген кине тагылган. Алардын иши эмне болгону тууралуу азырынча маалымат жок.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей