БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

БШК үч округдан мөөнөтүнөн мурда шайлоого 29 талапкерди каттады

БШК үч округдан мөөнөтүнөн мурда шайлоого 29 талапкерди каттады

Интернеттен алынды

№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутататтыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 8-июнда маалымдады.

Бул шайлоодо жалпы 29 талапкер ат салышат. Анын ичинде экөө аял. 

Бишкектин Свердлов округунан - 5, Ысык-Көлдөн - 15, ал эми Ноокат округунан - 9 талапкерди катталды. Башында 44 талапкер арыз берген, алардын 12си катышуудан баш тарткан. Эки талапкерди БШК каттаган эмес. 

10-июндан тарта шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат. Өнөктүк 29-июнунда аяктайт.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен үч округдагы кайра шайлоо 30-июнга белгиленген. Ноокат жана Ысык-Көл округдарында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 млн 748 миң сом деп эсептелген. Ал эми Свердлов районундагы шайлоого 9 млн сомдон ашык каражат жумшалат.

Боршайком 23-апрелде Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулун өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан. 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышев да арыз жазып, БШК мандатын алынган. Ал эми Свердлов райондук округунан шайланган Шайлообек Атазовдун мандаты 7-майда алынган. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей