БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

БШК: Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 4 миллиондон ашты

БШК: Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 4 миллиондон ашты

Сүрөт интернеттен алынды

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда шайлоого жарамдуу жарандардын саны 4 135 039га жеткенин маалымдады. Алардын 51,62% (2 134 511) аялдар, 48,38% (2 000 528) эркектер.

БШКнын маалыматына караганда, тизме 14-ноябрга чейин бардык добушканаларга илинет. Шайлоочулар өздөрүнүн шайлоо тилкелерине барып тизмеден тактап алса болот.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат. Саясий өнөктүккө жалпысынан 39 партия катышууда. Шайлоочулардын беш же андан көп пайыз добушун алгандар шаардык кенешке депутат боло алат. Ош шаардык кеңешине 51 мандат үчүн беш партия ат салышат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала