БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

БШК Сарбагышевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандаттан ажыратты

БШК Сарбагышевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандаттан ажыратты

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мындай чечимди Максатбек Сарбагышевдин мандатын тапшыруу боюнча жазган арызынын негизинде 25-апрелде кабыл алды. Анын эмнеге арыз бергени белгисиз. Сарбагышев азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.

Максатбек Сарбагышев 2021-жылы №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 

Буга чейин жетинчи чакырылыштын депутаттарынан Эмилбек Жусупов, Жусупбек Коргонбай уулу, Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев, Айбек Осмонов, Абдывахаб Боронбаев мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган. 

Жусуповдун бошогон мандаты "Ишеним" партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Советбек Рустам уулуна өткөрүлүп берилди. Ал эми Осмонов (Ош округу), Матраимов (Кара-Суу округу) жана Ражабалиев (Баткен округу) шайланып келген үч округда 28-апрелде шайлоо өтөт.

Автор: Т-Медиа > 361 статей