БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

БШК «Социал демократтар» шайлоодон четтеп, бюллетенден чийилгенин билдирди

БШК "Социал демократтар" шайлоодон четтеп, бюллетенден чийилгенин билдирди

"Социал-демократтар" партиясынын логосу

Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо "Социал-демократтар" партиясы бюллетендерден чийилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 17-ноябрда "Т-Медиага" билдирип, аталган партиядан чечим боюнча апеляциялык арыз БШКга түшпөгөнүн кошумчалады. 

Буга чейин партия шаардык кеңешке өтө турган шайлоодон четтеген. Тиешелүү чечимди 14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бир добуштан кабыл алган. Буга шаардык милициянын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") боюнча козгогон кылмыш иши жана тергөөнүн маалыматы негиз болгон.

Бул иш боюнча "Социал-демократтардын" 10 мүчөсүн суракка алынган. Алардын ичинен партия лидери Султанбеков жана партиянын шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер аттуу адам кармалды. 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аларды эки айга камакка алууга чечим чыгарды.

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстанда шаардык жана айылдык кеңештерде шайлоо өтүп жатат. Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өтүүдө. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда.  

Автор: Улукбек кызы Асем > 416 макала