БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

БШК: жергиликтүү кеңештерге шайлоо ноябрда өтүшү мүмкүн

БШК: жергиликтүү кеңештерге шайлоо ноябрда өтүшү мүмкүн

Сүрөт: "Спутник"

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. 

Учурда шайлоонун так датасы бекитиле элек. Быйыл аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештер таркатылары маалым болгон. Мындай өзгөрүү каралган мыйзамга 30-июлда президент Садыр Жапров кол койгон.  Анда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары такталып, мөөнөтү беш жылга чейин узартылган. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей