БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүткүл дүйнөлүк оюндарда кыргызстандык спортчу Назым Нурланов күмүш медаль тагынды

Бүткүл дүйнөлүк оюндарда кыргызстандык спортчу Назым Нурланов күмүш медаль тагынды

Сүрөт Маданият министирлигинин фейсбук баракчасынан алынды

Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда спорттун каратэ түрүнөн кыргызстандык спортчу Назым Нурланов күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


Нурланов 75 киллограмм салмакта күч сынашып, финалда түркиялык спортчудан утулуп калган.

Дүйнөлүк оюндар 20-октябрь күнү башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат. Мелдешке Кыргызстандын атынан карате, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча спортчулар катышып жатат.

Буга чейин аталган мелдеште Жамалбек Асылбек уулу (88 килограммга чейинки салмакта), Бекназар Жээмырзаев (98 килограммга чейин) жана Мираида Медетбек кызы (65 килограммга чейин) самбодон коло медаль алышкан. Дүнөлүк оюндардын официалдуу сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Кыргызстан медалдардын саны боюнча 13-орунга чыкты. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей