БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери алмашты

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери алмашты

Коллаж Т-Медиа

Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидерлигинен кетти. Анын ордуна депутат Исхак Масалиев лидер болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин 8-майдагы жыйынында депутат Гуля Кожокулова билдирди. Анын сөзүнө караганда, соттук териштирүүлөргө байланыштуу Мадумаров бардык ыйгарым укуктарын тапшырды.

26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыраткан. Дээрлик жети айдан бери абакта отурган саясатчы 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыккан.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылган. Мадумаров райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес.

Саясатчы Кылмыш-жаза процесуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болорун айткан. Бирок ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алганын билдирген. Мындан улам "15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убакыт бар" деп кошумчалаган.  

6-майда Биринчи Май райондук соту Мадумаровдун Бишкек шаардык сотуна жазган апелляциялык арызын артка кайтарганы белгилүү болгон. Мындай чечим арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендиктен кабыл алынган. 

Мадумаровдун кармалышы

Адахан Мадумаровду милиция былтыр 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту саясатчыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги ага Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен айып коюлганын маалымдаган. Ошондой эле дагы бир кылмыш иши козголгону маалым. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кине коюлган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен былтыр 22-июнда алган. Анда "Бийликтен аша чабуу" деген берене менен айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген. Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей