БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

БУУ Газа тилкесинде азык-түлүк запасы түгөнүп баратканын эскертти

БУУ Газа тилкесинде азык-түлүк запасы түгөнүп баратканын эскертти

Сүрөт: Бириккен Улуттар Уюму

Газа тилкесинин тургундары үчүн азык-түлүк кору бир жарым жумада түгөнөт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Палестина боюнча Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Антуан Ренар билдирди.  

Анын айтымында, мындай коркунучтун жаралышына соңку салгылашуу себеп болгон. Эки жума гуманитардык жардам жеткирүүгө Израил тарабынан чектөө киргизилген. 

Ал эми Израил медициналык каражаттар жүктөлгөн 50 жүк ташуучу автоунааны өткөргөнүн айтып, гумжардам жеткирүүгө тоскоолдук жаралбаганын белгилейт. 

Антуан Ренар Газада азык түлүк жетишсиздигинен 400 миндей адам жапа чегип жатканын кошумчалады. Жергиликтүү тургундар да азык түлүктөн ушул жылы кыйналып жатышканын айтып келишет.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бейшемби күнү Ливандагы Хизболлага каршы чабуулун дагы да улантарын убада кылды.

«Биринчи кезекте түндүктүн тургундары үйлөрүнө аман-эсен кайтып келмейинче, бизбардык максаттарыбызга жетмейинче токтобойбуз. Бул саясат. Эч ким жаңылбасын», - деди ал.  

БУУнун бир нече агенттиктеринин маалыматы боюнча, Израилдин Газадагы чабуулунан 2,3 миллион калкынын көбү же 90%га жакынын жер которгон. 42 миңден ашуун палестиналык набыт болду.

Автор: Осмонова Айдана > 660 статей