БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Бул жыл спортчулардын төрт жылдык эмгегинин үзүрүн көрүүчү жыл". Президенттин куттуктоосу

"Бул жыл спортчулардын төрт жылдык эмгегинин үзүрүн көрүүчү жыл". Президенттин куттуктоосу

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 6-апрель дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ар кандай кыйынчылыкты жеңүүдө спорттун адам жашоосунда оорду чоң экенин белгиледи. Спорт тармагы өлкөнүн өнүгүүсүнүн башкы багыттарынын бири деп атады.

Кыргызстанда спорт тармагында 5 миңден ашуун расмий адис эмгектенет. Алар спортчуларды көптөгөн мелдештерге даярдап, байгелүү оорундарды алууга жардам берип келет. Олимпиада, Паралимпиада, Сурдо олимпиада оюндарында, Ислам тилектештик оюндарында, Дүйнөлүк оюндарда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында, Дүйнө, Азия чемпионаттарында өлкөнүн атагын чыгарып келишет.

"Учурдагы татаал жагдайга жана жетишсиз инфратүзүмгө карабастан, сергек жашоого жана спортту өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан дене тарбия жана спорт кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Алдыбызда Париж Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алуу маселелери турат. Бул жыл - Сиздердин, спортчулардын 4 жылдык эмгегинин үзүрүн көрүүчү жыл. Андыктан, XXXIII жайкы Олимпиада оюндары бизге эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтын байгелерди алып келерине үмүтүбүз чоң. Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм"- деп жазылат президенттин куттуктосунда.

Кыргызстанда 2014-жылдан бери 6-апрель жыл сайын Дене-тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү катары белгиленет.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей