БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

БУУнун чечими менен 23-октябрь — Ак илбирстин эл аралык күнү деп белгиленди

БУУнун чечими менен 23-октябрь — Ак илбирстин эл аралык күнү деп белгиленди

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын демилгеси менен 23-октябрь — Ак илбирстин эл аралык күнү деп белгиленди. Мындай чечимди Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алганын президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

"Бул тарыхый окуя Кыргызстандын Борбор Азиядагы уникалдуу табиятты сактоо аракеттеринин дүйнөлүк деңгээлдеги маанисин көрсөтөт. Мындан ары ак илбирс бийик тоолуу экосистеманын символу катары эл аралык күнгө ээ болду", -деп жазды Алагөзов.

Буга чейин Кыргызстан БУУнун Башкы ассамблеясына "Ак илбирстин эл аралык күнүн жарыялоо жөнүндө" резолюция киргизген. 2023-жылы Садыр Жапаров ак илбирсти улуттук символ деп таануу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген. Ал дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 427 макала