БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

БУУ Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирди

БУУ Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирди

Сүрөт интернеттен алынды

Бирикен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык жүк ташуучу 61 унаасы Газа тилкесинин түндүк аймагына кирди. Бул Палестин - Израил согушу башталгандан бери бир сутка ичинде жеткирилген эң чоң жардам болуп калды.


Газага суу, тамак-аш жана дары-дармектер жеткирилди. Акыркы күндөрү катуу кармаштар жүрүп жаткан "Ас-Шифа" ооруканасына 11 "Тез жардам" унаасы, үч автобус жана эвакуация жүргүзүүчү жүк машина жеткирилди.

25-ноябрь күнү кечинде Израилдин Ницана айылынан жардам жүктөлгөн дагы 200 жүк ташуучу унаа Газага киргени кабарланды. Мындан тышкары ал жерге 129 литр күйүүчү май да жеткирилди.

Газа тилкесинде 24-ноябрдан бери төрт күндүк мөөнөткө ок атышуу токтотулган. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей