БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бычак менен кол салып, акча алып качып кеткендердин иши ИИМдин көзөмөлүнө алынды
Бишкекте адамдарга бычак менен кол салып, акчаны алып кеткен окуя боюнча иш Ички иштер министрлигинин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
11-декабрда милицияга Чокморов көчөсүндө беткапчан жана бычак менен куралданган адамдар менен белгисиз кишилердин ортосунда мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган маалда шектүүлөр Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кеткени аныкталып, "Перехват" планы жарыяланган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алар жабырлануучулардын каражатын алып, изин жашырып кеткен. Чыгымдын суммасы такталууда. Учурда окуядан улам жарат алгандар да бар экендиги айтылды.
Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап жатат. Анда белгисиз төрт адам эки кишини сабап, кийин көк түстөгү автоунаага отуруп качып кеткенин көрүүгө болот. Алар жабырлануучулардын көп суммадагы каражатын алып кеткени айтылууда.
Автор: Боромбаев Максат > 149 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat