БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Быйыл "Баатыр эне" ордени 588 аялга ыйгарылды

Быйыл "Баатыр эне" ордени 588 аялга ыйгарылды

Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров  көп балалуу энелерге кезектеги мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды татыктуу тарбиялап жаткан 588 эне "Баатыр эне" ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 19-майда кабарлады.

Мамлекеттик сыйлык Бишкек, Ош  шаарлары жана жети облустагы энелерге ыйгарылган. Сыйлык алгандардын тизмеси президенттин сайтына жарыяланды. 

Кыргызстанда "Баатыр эне" ордени жети же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып, тарбиялаган энелер сыйланышат. 

Өлкөдө жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей