БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Быйыл эң көп Оштун тургундары насыя алды

Быйыл эң көп Оштун тургундары насыя алды

Сүрөт ru.sputnik.kg сайтынан алынды

Быйыл январдан сентябрь айына чейин Кыргызстанда 533 миң адам чакан насыя алды. Алардын басымдуусу же 20%ы Ош облусунда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

 

Мекеме маалымдагандай, жалпы 37 млрд. сомго жакын насыя берилген. Бул былтыркы микрокредиттердин суммасынан дээрлик 9 миллиардга көп. Насыя алгандардын саны да былтыркыдан 12%га көбөйгөн. 

Оштон кийин эле кредит алгандардын көбү Жалал-Абад, андан соң Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келет.  Насыяны көпчүлүгү же 48%ы керектөө муктаждыктарына деп алган. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей