БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Быйыл Кадыр түн 6-апрелге караган түнү белгиленет

Быйыл Кадыр түн 6-апрелге караган түнү белгиленет

Иллюстративдик сүрөт

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Быйыл орозо 11-мартта башталган. Кадыр түн орозонун 27-күнүнө караган түнү белгиленет. Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Ислам динин кармангандар таң атканча жакшылык тилеп, куран окушат. Эгерде Кадыр түндө эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат.

Бүгүн орозонун сегизинчи күнү. Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Таң аткандан күн батканга чейин тамактанышпайт, суу ичпейт. Рамазан айы 10-апрелде Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Айдын чыгышына карап, бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей